Түптө изделип жаткан карыянын жансыз денеси суудан табылды (сүрөт)

21-ноябрда саат 16:20 чамасында​ ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү ​ үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издей башташкан. Андан майнап чыкпаган соң, 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издешкен.