Түптө милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Түптө милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Түп РИИБинин улук опер кызматкери милициянын улук лейтенанты 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Тактап айтканда, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жаран Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.