Түптө сел жүрдү

Алдын ала маалымат боюнча кечээ, 22-июнь күнү саат 15:40 чамасында нөөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Түп районунун Токтоян айылындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары арыктан ашып, 11 үйдүн короосун суу каптаган.
Жерине ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан жана Түп райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, райондук Жарандык коргонуу кызматтары тартылган. Суу өтүүчү арыктарды кеңейтүүгө 2 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылып, 200 метр аралыгы тазаланды. Ал эми сел сууларынын кесепеттерин жоюуда 2 мотопомпа 20 куткаруучу, Жарандык коргонуу кызматынан 21 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам иш алып барып, сел суулары кирген 3 үйдүн жер төлөөсү толугу менен тазаланып бүткөрүлдү.