Түптөгү 2 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. 5 жаштагы баланын абалы оор

12-майда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жол кырсык 2 аял кишинин өмүрүн алса, кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жаракат алган жарандардын абалын билүү үчүн Түп райондук ооруканасы менен байланышты.

«Жабыркаган жарандардын экөөсүнүн каттоосу Бишкекте болгон үчүн Бишкек шаардык илим изилдөө борборуна жөнөтүлгөн. Ал эми бирөөсү Караколдогу облустук ооруканага жиберилген. Кырсык болгон учурда унаанын ичинде 2016-жылы туулган бала да бар экен. Анын абалы оор. Жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда аны башка ооруканаларга которууга болбойт», — деди ал.

Ал эми Каракол шаарындагы облустук ооруканада жаткан 1971-жылы туулган жарандын буту сынган. Жакынкы арада операция жасалары маалым болду.

Жол кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 86-чакырымында болгон. Анда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 48 жана 30 жаштагы эки аял киши көз жумган.