Түптөгү жол кырсыктан бир адам көз жумду

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында жүргүнчү ташыган кичи автобус бакты сүзүп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-январда саат 15:20 чамасында Балыкчы-Каракол жолунун 181-чакырымында болгон. Анда айдоочу унааны башкара албай, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаасы жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Анын ичинде айдоочу жана 17 жүргүнчү болгон. Кырсыктын кесепетинен бир аял көз жумду. Жаракат алган жети кишиге тийиштүү жардам берилип жатат. Алардын арасындагы алты жаштагы бала жандандыруу бөлүмүндө болсо, калгандары палатада”, — деп айтылат маалыматта.