Түптөгү Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүрдү (видео)

Кечээ, 2-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине тургундар билдиришти.

Маалыматты ӨКМден тастыктап, жерине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барганын билдиришти.

«Кечээ саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптаган. Облуста жумушчу сапарда жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дароо аталган аймакка барып, абал менен жеринен таанышты. Жергиликтүү тургундар менен кезиккен министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгарын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи. Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты»,- дешти.