Түркияда кулаган тик учак. 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганы маалымдалды

16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан.

Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазды.