Журналистти өлтүргөн делип, издөөдө жүргөн Түрк жараны Кыргызстанда кармалды

Адам өлтүрүүгө жана башка оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн Түркиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милиция кызматкерлери мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзгөн иш-чарасы учурунда Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан. 26-февраль күнү ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагынан 1984-жылы туулган Түркиянын жараны кармалган. Андан Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Андан сырткары, текшерүү учурунда кармалган чет өлкөлүк жаран Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан издөөгө алынганы аныкталган. Ал Түркиянын Стамбул шаарында 2007-жылдын январь айында журналист Грант Динкти атайылап өлтүрүүгө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топторго катышуу жана ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарды жасоого шектелип издөөдө жүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду. 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камакка алынды.

«Стамбулда чыккан армяндардын «Агос» гезитинин башкы редактору Грант Динк 2007-жылы 19-январда редакциянын кире беришинде түрк Огун Самаст тарабынан өлтүрүлгөн. Киши өлтүрүү Түркияда резонанс жаратып, Стамбулдун жана Түркиянын башка шаарларынын миңдеген тургундары “Баарыбыз Динкпиз”, “Баарыбыз армянбыз” деген плакаттар менен адам өлтүрүүнүн уюштуруучуларын таап, жазалоо талабы менен митингге чыгышкан. Адам өлтүрүү боюнча сот беш жылдан кийин гана аяктаган. Кылмышты жасаган ошол кезде жашы жете элек Огун Самаст 21 жыл 10 айга эркинен ажыратылган. Бул ишке 19 адам катышкан», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.