Түркияда кулаган тик учак. Дагы бир Кыргыз жаранынын жансыз денеси табылды

Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон Я.Л. аттуу экинчи Кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Каза болгондордун сөөктөрүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу иштеп жатат.

16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланып жаткан. Menderesingozu басылмасы изделип жаткан 2 кыргыз жаранынын жансыз денеси табылганын жазган.