Түркияда кыргыз кыздары иштеген сойкукана аныкталып, шектүүлөр кармалды

Түркиянын Ялова шаарында сойкукана уюштурууга тиешеси бар адамдар кармалды, анын арасында Кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.

Тыюу салынган ишмердүүлүктү уюштурууга 24 шектүү кармалган. Алардын арасында сойкукана иштетүүгө жардам берген мамлекеттик кызматкерлер аныкталган. Сойкулук кызматты көрсөткөн чет өлкөлүк кыздардын арасында 3 Кыргыз жараны жана 7 Өзбек жараны да бар. Полиция кызматы аларды өлкөдөн депортациялоо үчүн тийиштүү кызматтарга өткөрүп берди.

Кармалган кыз-келиндер казинодо иштеген. Айрымдары мажбурлоо жолу менен сойкулук кызмат көрсөтүшкөн. Полиция кыргыз кыздарынын бирин аборт жасалгандан кийин дароо иштөөгө мажбурлашканын аныктаган.