Түркияда кыргызстандык келин жолдошу тарабынан сабалып, ооруканага түшкөнүн жергиликтүү ЖМКлар жазган. Маалыматтарга караганда, келинге жолдошу бычак менен кол салган.
Тышкы иштер министрлигинен бул боюнча маалымат беришти. «21-январда Анталия шаарындагы Башкы консулдугуна Кыргыз жараны Түркиянын жараны болгон күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Башкы консулдуктун ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө жана Түркиянын укук коргоо органдары менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, ошол эле күнү күйөөсүнүн ата-энесиникинде болгон бала апасына өткөрүп берилген. Жолдошу полиция тарабынан кармалып, кылмыш ишин козгоо боюнча иштер жүрүп жатат. Тышкы иштер министрлиги бул маселени көзөмөлгө алууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери жабырлануучу жана адвокаттар менен байланышып, юридикалык кеп-кеңештерди беришет», — деп айтылат маалыматта.