Түркияда кыргызстандык келиндин өлтүрүлүшү. Кайнатасы өмүр бою эркинен ажыратылды

Түркияда өлтүрүлгөн 31 жаштагы келиндин кайнатасын сот өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу «Демирөрен» жаңылыктар агенттиги жазды.

Каргашалуу окуя 2021-жылдын 12-октябрында кечки саат 9 чамасында Текирдаг шаарында жайгашкан үйдө болгон. Ошол күнү 65 жаштагы кайнатасы келини менен урушуп кеткен. Ал урушунда келиндин балдарына (анын неберелерине) жакшы кам көрбөгөнүн жүйө келтирген. Эркек киши келинин бычактап өлтүргөн. 

Ал жансыз денеден арылууну чечип, сөөктү араа менен бөлүп салган: бир бөлүгүн таштанды челегине ыргыткан, экинчисин машинанын багажына каткан. Ал киши кылмыштын изин жашырып жүргөндө, аялы үйүнө кайтып келген. Ал канды көрүп, эмне болгонун сураган. Күйөөсү кылмышты мойнуна алган, ал эми аял полицияга кайрылган.