Түркияда Кыргызстандын жараны 4 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат

Түркиянын Кушадасы шаарында полиция кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалды. Ал 4 жаштагы Е.Г. аттуу кызды зордуктоого шектелүүдө.

Түркиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, 4 жаштагы кыз — шектүүнүн аялынын жээни.

Кыргызстандын жараны Х.А.А. буга чейин Россияда жашаган. Жакында эле жубайы А.Д. менен Кушадасы шаарына барган. Ал жерде аялынын аталаш бир тууган эжеси М.У. жашачу.

М.У.нун айтымында, түндө ойгонуп, жанында кызы жок экенин көргөн. Анан А.Д.га чалган. Кызы алардын үйүндө экенин уккан соң үйүнө жеткирип берүүнү суранган. Кызы чочулап, коркуп калганын көрүп, эмне болгонун сураган. Е.Г. аны Х.А.А. зордуктаганын айткан.

Шектүүнүн буга чейин 4 түрдүү кылмыш боюнча соттолгону белгилүү болду.