Түркияда тик учак кулап, эки Кыргыз жараны изделүүдө

Кечээ, 16-сентябрда Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз жараны. Учурда бир Кыргыз жараны ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге, кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргыз жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышты.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселе алардын өзгөчө көзөмөлүндө.