Түркияда токойдон 40 жаштагы кыргызстандык аялдын жансыз денеси табылган

21-июнга караган түнү Түркиянын Гиресун провинциясынын токоюнан зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылып, ал 1982-жылы туулган Кыргыз жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти.

Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген 2 Түрк жараны кармалды. Бул жагдай Башкы консулдуктун көзөмөлүнө алынган.

Ал эми Түрк ЖМКлары аялдын атып өлтүрүлгөнүн жазып чыгышты.