Түркияда үч Кыргыз жараны террорчулукка шектелип кармалды

Түркиянын Коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкери болгон деген шек менен үч Кыргыз жаранын кармады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында  жазылган.

Берилген маалыматта «2020-жылдын 31-декабрында Сириядан мыйзамсыз түрдө Түркияга кирүүгө аракет кылган 12 киши кармалып, Рейханлы шаарынын полициясына өткөрүлгөн. Алардын арасында кыргызстандыктардан тышкары Өзбекстандын төрт жана Орусиянын беш жараны бар. Колго түшкөндөрдүн баары «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкери болгон деген шек менен  кармалды» деп айтылган.

Бирок Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги аталган маалымат боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.