Түркияда үрөй учурган жол кырсык катталып, 30 жаштагы кыргызстандык көз жумду (сүрөт)

Анталияда 8-апрелде түнкү саат үчтөр чамасында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз жараны менен Польшанын жараны жабыркап, жергиликтүү тургун менен дагы бир жүргүнчү ошол жерден каза болгон. Бул тууралуу Түрк ЖМКлары жазышты. 

Маалыматка караганда, 27 жаштагы жаран унааны катуу ылдамдыкта айдап бара жаткан. Гази бульварында ал рулду башкара албай калып, унаа бетон мамыны сүзгөн. Катуу соккудан унаа өрттөнүп, күйүп баштаган. 23 жаштагы кыргызстандык кыз менен менен 28 жаштагы польшалык кыз ооруканага жаткырылган.

Кыргызстандын ТИМи маалымат берип, 1993-жылы туулган кыргызстандык (аял киши) каза болгонун, ал эми ооруканага түшкөн дагы бир кыргызстандык кыздын абалы канааттандырарлык экенин билдиришти. «Учурда башкы консулдук маркумдун жакын туугандары менен биргеликте Кыргыз Республикасына «Жүк-200» жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.