Түркиядан жасалма доллар алып келип, Кыргызстанда саткандар кармалды

Кыргызстандын аймагында жасалма акча каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинде (акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында Бишкек шаарында кылмыштуу топтун мүчөлөрү, жасалма акчаларды (Түркияда жасалган доллар) сатуу менен алектенген Кыргыз жарандары кармалды. Тактап айтканда, кармалган адамдар чет мамлекеттердин (Өзбекстан жана Түркия) жарандары менен алдын ала сүйлөшүп, Кыргызстан жана Өзбекстандын аймагында жасалма акча каражаттарын алып сатууну жана жүргүртүүнү ишке ашырышкан.

Учурда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын аймагында контрафакттык акча каражаттарын өндүрүү жана сатуу менен алектенген адамдардын кеңири чөйрөсүн (Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан жана Түркиянын жарандары) аныктоо, алардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу максатында тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.