Түркиялык ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылууга шектелген дагы бир Кыргыз жараны кармалды

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда издөөдө жүргөн түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири, 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу, 1971-жылы туулган Кыргыз жараны Болот Матраимов издөөгө алынып, ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө түркиялык ишкерди уурдоого түрк тектүү 1976-жылы туулган Кыргыз жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды. УКМК жарандарды издөөдө жүргөн адамдар тууралуу маалымат болсо 031260585, 0312660475, 0312626504 жана «102» номурларына билдирүүнү өтүнөт.

25-январда мурда кармалган Кыргыз жаранынын бирине карата сот органдары тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.

11-декабрда Түрк жаранын уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы маалымдалган. Кылмышка шектүү катары 3 жаран жана Чүй ОИИБдин “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы кармалган болчу.