Түркиянын Антальясында асма жолдун кабинасы кулап, Кыргыз жараны жабыркады

Кечээ, 12-апрелде Антальяда тоого чыккан асма жолдун бир кабинасы кулап, бир адам каза болду. Жабыркаган 7 кишинин арасында кыргызстандык аял бар экенин түркиялык ЖМКлар жазышты.

Тышкы иштер министрлиги Антальядагы асма жолдун кабинасы кулаганда кыргызстандык аял да жабыркаганын ырасташты. Ал ооруканага тик учак менен жеткирилип, Кыргызстандын консулдугунун кызматкерлери барып, аялдын абалынан кабар алып келишкен.