«Тырмак алдына ийне сайып…» Эки адамдын өлүмүнө шектелип кармалган өспүрүм кыйноодон улам кылмышты мойнуна алганын айтты

Эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран милиция кызматкерлеринин кыйноолорунан улам, жасабаган кылмышын мойнуна алганын айтты. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Бишкек шаары жана Чүй облусундагы кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жарандан арыз түшкөн. Арызда анын 2005-жылы туулган уулу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин кыйноого алынганы айтылган. Кыйноого алынган делип жаткан 16 жаштагы жигит 12-майда Жибек-Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон эки аялдын өлүмүнө шектелип жатат. Кызматкерлер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 тергөө абагында жаткан өспүрүм менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн. 

«Сүйлөшүү учурунда шектүү 12-майда Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Ой-Тал айылында кармалганын айткан. Өспүрүмдүн айтымында, аны милиция кызматкерлери Чоң-Өрүктү айылындагы токойдо кыйнашкан. Кылмышты мойнуна алуу үчүн милиция кызматкерлери кармалган адамды кабыргасына уруп, башына хлор салынган полиэтилен баштыгын кийгизип, тырмактарынын астына ийне сайышкан. Андан кийин аны машинанын багажында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Кабинетте милиция кызматкерлери кармалган адамды тапанча менен коркутуп, кыйноону улантышкан. Ал көрсөтмө берүүдөн баш тартканда, оперативдүү кызматкерлер баңгизат менен атасын түрмөгө камайбыз деп коркутушкан. Андан кийин өспүрүм киши өлтүрүүнү мойнуна алган, анын айтымында, кылмышты ал жасаган эмес», — деп айтылат маалыматта.