«Түртүп жиберишкенби?». Орусияда кыргызстандык кыз 6-кабаттын терезесинен кулады

Санкт-Петербургда кыргызстандык кыз 6-кабаттын терезесинен кулап кеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя 3-сентябрга караган түнү шаардын Москва районундагы Заставская көчөсүндө жайгашкан үйдө болгон. Журналисттер кызды 6-кабаттагы батирдин терезесинен түртүп жиберишкенин, андан кийин алар кызды унаага салып, алып кетүүгө аракет кылышканын жазышты. 

«Жабырлануучу аман калган, бирок оор жаракат алган. Ал реанимацияда. Аны үч мигрант – кыргызстандык эки эркек жана бир кыз терезеден ыргытып жибергени белгилүү болду. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери келген. Алар жабырлануучу дагы 21 жаштагы Кыргыз жараны экенин аныкташкан», — деп айтылат маалыматта.