Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалганы маалымдалууда

Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу «24.kg» сайты жазып чыкты. Маалыматка караганда, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бүгүн, 9-июнда Айтмаматов кармалып, анын үйү тинтүүгө алынган.

Буга чейин «Kaktus.media» сайтынын журналисттери иликтөө жүргүзүп, анда Нурбек Айтмаматовдун жана анын жакындарынын кыймылсыз мүлкү жөнүндө айтып беришкен.