Түштүк жергесинде сел жүрүп, 50 чакты үйдү каптады

27-май күнү жааган жамгырдан улам Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүп, бир нече турак үйлөргө кирип, жолдорду жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел Ош облусундагы Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда жүргөн. Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор, Ылай-Талаа, Чалма айыл өкмөттөрүндөгү 20дан ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Ылай-Талаа жана Чалма айыл өкмөттөрүндө электр жарыгы өчкөн.

Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүндө Кош-Этер айылынын чарбалык жолдорун каптап, 11 үйгө сел кирип, дубалын 1,3 метр бийиктикке чейин кум аралаш масса каптаган жана 18 турак үйлөргө кооптуулук жаралган. Жогору аталган турак үйлөрдүн тургундар, туугандарыныкына көчүрүлгөн.

Ошондой эле сел Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүндө жайгашкан 2 турак үйдүн короосун каптаган. «Бардык аймактарга куткаруучулар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти ӨКМден.