«Учкун» басмаканасы менен кайгуул кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

УКМК «Учкун» типография кызматкерлеринин жана Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлорунун коррупциялык схемасын аныктады.

Белгиленген басмакананын катуу отчеттуулук бланктарын чыгаруучу цехтин жумушчулары жеке материалдык пайда табуу максатында басып чыгаруунун белгиленген эрежелерине каршы, административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдашкан.

Басмакананын жумушчулары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аларга карата зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда Мамкомитет тарабынан белгиленген укукка каршы жосундун бардык жагдайларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып, көмөк көрсөткөн башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда бул иш боюнча Бишкек ШИИБдин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери да кармалган.