УКМК: «Сүлүктү шаарына 5 жылдан бери таза суу бериле элек. Кылмыш иши козголду»

Сүлүктү шаарынын айрым кызмат адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “АРИС” долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 миллион 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.