Өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантууда. Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгиледи. Ошондой эле төрага күч түзүмдөрүндө мыйзам бузуучуларга каршы күрөш улана турганын, ал эми мыйзамды бузган бардык кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылаарын айткан: «Силер милициянын формасын кийгенде, ошол формага татыктуу болушуңар керек», — деп өздүк курамга эскерткен.
Адахан Мадумаровдун уулунун унаасы айып короого токтотулду (видео)
Адахан Мадумаровдун уулунун унаасы айып короого токтотулду. Видеону Милициянын кайгуул кызматынан жарыялашты. Видеодон көргөндөй, саясатчынын уулу өзүнө эки номур катталганын...