УКМК жүгүнөн 17 килограмм «чарс» баңги заты табылган шектүүлөрдү кармады

Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 килограмм 192 граммды түзгөн ооган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

8-сентябрда Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү кармалды. Алардан жалпы салмагы 17 килограмм 192 грамм ооган тектүү «чарс» баңгизаты табылып алынган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.