УКМК: 24.kg редакциясына карата «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголду

Бүгүн, 15-январда 24.kg редакциясынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Бул «согушту пропагандалоо» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында өткөнүн УКМКдан маалымдашты.

Тинтүүнүн жүрүшүндө компьютерлер, ноутбуктар жана башка кылмыш иши үчүн мааниси бар далил заттар редакциядан алынды. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө.