УКМК: 5 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган Кыргыз жарандары кармалды

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, салмагы 5 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган учурда Жалал-Абад облусунун 3 тургуну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Алар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кечээ, 3-январда кармалган жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.