УКМК аэропорттон Москвага учуп кете турган жаранды кармады

УКМК тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектүү катары Фейсбук колдонуучу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү «Манас» эл аралык аэропорту аркылуу Бишкек-Москва багыты боюнча өлкө аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган. Тактап айтканда, аталган жаран Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн аккаунту аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген.

Биринчи Май райондук соту тарабынан ага карата №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.