УКМК: «Айчүрөк» соода борборунун ээсинин иши токтотулду

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев ири ишкерлердин бири — Маметов (Габбазов) Анвар Илшатович тарабынан уюшкан кылмыштуу топ деп аталган топтун ишин каржылоонун айрым фактылары аныкталган.
16-июлда Анвар Маметов Кыргыз Республикасынын аймагына келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары менен бир катар тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Анвар Маметовго карата мурда коюлган айыптар уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө жана каржылоосуна катышы жоктугунан алынып, сотко чейинки өндүрүш токтотулган.