УКМК «Айыл Банктын» кызматкерлерин кармады

«Айыл Банктын» бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатат. 2017-жылы “Айыл Банк” «Россиф» менчик ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 миллион доллар (295,7 миллион сом) өлчөмүндө насыя берилген. “Россиф” ЖЧКсы тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталды.

8-февралда УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббилөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл-Банк” ААКнын бир катар жооптуу кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында процессуалдык чечимдер кабыл алынат, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.