УКМК тарабынан сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын алкагында Чүй облусунда коррупциялык схема аныкталды.
Тактап айтканда, Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз материалдык пайда табуу максатында эркинен ажыратуу менен байланышпаган сот чечимин чыгарууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, жаран Т.М.Т.дан 26 миң АКШ долларын алган. Бирок кийинчерээк аталган маселени Т.М.Т.нын пайдасына чечип бере алган эмес.
УКМК кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда алынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн — 85 миң сомду кайтарып берип жаткан учурда Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж. кылмыш үстүндө кармалды. 3-апрелде тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Судьялар Кеңеши тарабынан судья Ш.Б.Ж.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу чечими кабыл алынды. 6-апрелде Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ш.Б.Ж.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кылмыш ишинин алкагында сот системасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.