Максим Бакиевдин жакын досу Алексей Ширшов кармалды

«Дастан» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупциялык иш боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

УКМК «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз алуу фактысын иликтеп жатат. Бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен сүйлөшүп алуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Ысык-Көл райондук жана облустук соттордун судьяларынын катышуусунда комплекстүү коррупциялык схемаларды түзүү жолу менен 56 кымбат батир жана 27 коттедж мыйзамсыз түрдө жеке менчик структуралардын менчигине алынган.

«Иштин алкагында кармалган адамдардан тышкары, кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен алуунун негизги уюштуруучуларынын бири Алексей Ширшов болгондугу аныкталды. Өз ниетин ишке ашыруу үчүн бул топ мамлекеттик жана сот органдарынын жогорку кызмат адамдарын камкордукка алып, аларга акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора плюс» борборунда пара берип турган. Коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти башкармалыктан.