УКМК: «Алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн жеринен кармалды»

Алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Алар алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

«Такталгандай, фирма алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө, алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган. Мындан сырткары, эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып ал ишине бөгөт коюлду. 26-августта Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан кызматкерлерден 1,5 килограммга жакын мыйзамсыз казып алынган алтын аныкталган. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында компаниянын башкы директору жана бир жаран кармалып, тергөө камак жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.