УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан, мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык, инфраструктуралык объектилерди жана жер участокторун мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жалпы аянты 12,68 гектар жер тилкелерин менчиктештирүүдө жана мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталган.
Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жүрүшүндө, уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмамбет Анапияевдин туугандарынын мыйзамсыз ээлеп жүргөн мүлктөрү: Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы жалпы аянты 0,7 гектар жер тилкеси, 749,65 чарчы метр административдик имараты жана 0,14 гектар май куюучу жайы дүкөнү менен, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы аянты 11,84 гектар түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана мекемелерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.