УКМК: Арашан айылындагы маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылындагы жалпы аянты 0,62 га, болжолдуу баасы 126 миллион сомду түзгөн маданият үйү мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2004-жылы социалдык жана муниципалдык объектилерди мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тыюу салган ченемдик-укуктук актыларга карабастан, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мыйзамсыз чыгарылган токтомунун негизинде иштеп жаткан Маданият үйү жеке пайдаланууга берилип, кийин ал жеке жак тарабынан мыйзамсыз сатылып алынгандыгы аныкталган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында имараттын ээси өз ыктыяры менен объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берген.
Учурда УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.