УКМК: “Араван райондук Аскер комиссариатынын бөлүм башчысынын жардамчысы кармалды”

Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө акча талап кылгандыгы үчүн Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы кармалды. Кармалган кызматкер жарандын уулун альтернативдик кызматка чакырылышы үчүн документтерди тариздөөгө 37 миң сом акча каражатын талап кылганы аныкталган. Аталган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы кармалып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүп берилген.