УКМК Аскарбек Шадиевди табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын элчилигине кайрылды

УКМК Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевди табууга көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШ элчилигине расмий кайрылды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын мурда жиберилген эл аралык кайрылууларын АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышына көмөктөшүү өтүнүчү менен УКМК АКШнын элчилигине расмий түрдө кайрылды”,- деп айтылат маалыматта.

Шадиевге карата УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактылары) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, ага байланыштуу Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.