УКМК: Аткезчилик жол менен жер семирткичтерди ташып бара жаткан жүк кармалды

Кечээ, 3-февралда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери контрабандага каршы күрөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынан коңшу республикага минералдык жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүү иштерине бөгөт коюшту. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Лейлек районунун Арка айылында Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 30 кап “аммиак селитрасы” минералдык жер семирткич жана 163 кап “карбамид” менен кармалды. Аталган товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келген. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен кармалган унаа жооптуу сактоочу жайга коюлуп, жүк Мамлекеттик баажы кызматына өткөрүп берилди.