УКМК аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлерин кармады

Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан алынган маалыматка ылайык, «ALG» ЖЧКсы жагындагы экономикалык контрабанда фактысы боюнча «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

17-августта Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн Бишкекти көздөй жөнөп, «Дордой» соода базар комплексинин аймагына келип, бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган. Тергөөдө аныкталгандай, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылганын, ал эми «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү Бажы кызматынын кызмат адамдарынын демөөрчүлүгү астында жүргүзүлгөн.

Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган. Бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген, бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган. Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.