УКМК: «Баасы 4 миллион сомдон ашык дары-дармектер менен контрабандалык жүк кармалды»

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК чек ара кызматынын “Чоң-Капка унаа жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргыз Республикасынын аймагына товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, кечээ, 14-ноябрда “Чоң-Капка унаа жол” постунда Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. Айдоочу көрсөткөн документтерде жүк үй буюмдары катары көрсөтүлгөн. Бирок жогоруда аталган унааны дыкаат текшерүүдө тиешелүү уруксат кагаздары жана коштоочу документтери жок болгон, болжол менен баасы 4 миллион сомдон ашык дары-дармектер жана башка товарлар табылган. Азыркы учурда бул факты боюнча салык төлөөдөн качуу түрүндөгү зыяндын өлчөмүн аныктоого багытталган сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.