УКМК: Бажы кызматкерлери аэропортто чет өлкөлүктөрдөн пара алууга шектелип кармалышты

«Манас» аэропортунун кызматкерлери чет өлкөлүктөрдөн опузалап пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Аталган аэропортко караштуу Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоолор менен опузалап пара алуу ишин туруктуу жолго салып алышкан кылмыш аныкталды. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн бир жаран кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди, ал эми дагы бир жаран үй камагына чыгарылды.

Азыркы учурда аталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.