УКМК: «Баңгизат саткан Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери кармалды»

УКМК жана Аскердик прокуратурасы Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлерин баңгизат сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча УКМК Аскердик прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик жана ефрейтер кармалды.

«Коргоо министрлигинин жогорудагы аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери жарандарга Бишкек шаарынын аймагында “гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,- деп айтылат маалыматта.