УКМК: Баткенде жашылча-жемиштерди аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду

31-мартта УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстандын аймагына жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып өтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты

Баткен облусунун Жаңы-Бак — Маргун — Арка айланма унаа жолунда жалпы салмагы болжол менен 10 миң 500 килограмм болгон пияз түрүндөгү жашылча-жемиш жүктү Тажикстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Лейлек районунун тургундарынын башкаруусундагы Кыргыз жарандары 1984-жылы туулган Т.А.А., 1993-жылы туулган А.Б.А. жана 1980-жылы туулган Б.Т.Т. Мерседес Бенц Спринтер  үлгүсүндөгү үч жүк ташуучу унаасы менен кармалышкан. Кармалган пияздын контрабандага багытталган баасы 500 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Жыйынтыгында, жүк ташыган бул унаалар «Орто-Боз» чек ара заставасынын №2022 Аскер бөлүгүнүн аймагына жайгаштырылып, бул факты документтештирилди. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.