УКМК: Бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалгандарды тинтүүдө депутатка таандык аскердик билет табылды

Бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар курал-жарактар жана Жогорку Кеңештин депутатына таандык аскердик билет табылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Өлкөдө массалык баш аламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну пландаган деструктивдүү топтун бир катар мүчөлөрүнүн жашаган жерин жана пайдаланган транспорт каражаттарын тинтүү учурунда:
— 50 мылтык;
— 20 тапанча;
— 255 миң 238 ок-дары;
— 200 укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 баш кийим;
— 38 ок өтпөс кийим;
— 2 дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынды.

Мындан тышкары тинтүү учурунда бир катар жарандардын өздүк документтери табылып, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевге таандык аскердик билет да табылды. Учурда бул боюнча кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.