УКМК: “Бишкек башкы архитектура” мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси, борбор калаанын башкы архитектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси иштеп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды. Ал курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкек шаарында коопсуздук эрежелерин сактабастан, архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен башаламан курулуштардын жүргүзүлүшү байкалууда. Ошондой эле “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.