УКМК: Бишкек ЖЭБине ташууда 19 миллион сомдук көмүр уурдалган

УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ЖЭБине жеткирүү учурунда көмүр уурдоо тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынын Ысык-Көл пароходствосунун Балыкчы филиалында түзүлгөн туруктуу коррупциялык схеманы уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында «Ысык-Көл пароходствосу» филиалынын станциясынан Бишкек шаарындагы ЖЭБине чейин, ошондой эле Балыкчы шаарынын кампаларында көмүрдү сактоо учурунда темир жол транспорту менен ташууда катуу отундун коромжусун эсептен чыгаруу жолу менен көмүр сатуу фактылары аныкталган.

Алдын ала аудиттин корутундусуна ылайык, 2021-2023-жылдар аралыгында 6362,1 тоннага жакын, бул жалпысынан 18 миллион 995 миң сомду түзүп «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл пароходство филиалында көмүр тартыштыгы байкалган. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз эсептен чыгаруунун жана туунду компаниялар менен мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө мыйзам бузуулардын фактылары аныкталган. 7-июнда соттун токтомунун негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш иши үчүн маанилүү болгон документтер жана ок атуучу куралдар, ошондой эле транспорт каражаттарынын жасалма номерлери табылып алынган.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш жасаган деген шек менен филиалдын директорунун орун басары У.Т. кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп, келтирилген зыяндын бардык көлөмүн жана кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.