УКМК Бишкек мэриясына 100 батир жана баасы 505 миллион сомдук имараттарды кайтарып берди

Турак жайлар мамлекетке кайтарылып, жалпы суммасы 593,9 миллион сом зыяндын орду толтурулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик жана муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүү жана пайдалануу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш алып барууда. Бул иштердин жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен биргеликте жер участокторун пайдаланууга мыйзамсыз берүү жана ижарачылар тарабынан жерди пайдалануу шарттарын сактабоо фактылары аныкталып, аларга карата бир катар кылмыш иштери козголгон.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан ЖЧКга жана жаранга убактылуу пайдалануу үчүн жер тилкелери берилгени аныкталды. Жер участогун берүү шарттарына ылайык, аталган компания берилген аймакты көп кабаттуу үйлөр менен өздөштүрүшү керек болчу жана негизги шарттардын бири курулган батирлердин 10 пайызын муниципалдык менчикке берүү болгон. Бирок бул шарттар аткарылган эмес. Мэрияга алынган батирлер социалдык маселелерди чечүүгө жана өзгөчө муктаж болгон калктын аялуу катмарын турак-жай менен камсыз кылууга жумшалышы керек болчу.

Көрүлгөн чараларды, жалпы аянты 6644 чарчы метр болгон 100дөн ашык батир жана турак эмес жайлар муниципалдык менчикке өткөн 505 миллион сом суммасында жана 88,9 миллион сом мамлекетке кайтарылды. Толтурулган зыяндын жалпы суммасы 593,9 миллион сомду түздү.